Француз ханышасы Мари Антуанеттанын бут кийими аукциондо сатылды
Париждеги аукциондо ханыша Мари Антуанеттанын бут кийими 40 миң евродон ашык баага сатылды. Ак бут кийимдин узундугу 22.5 сантиметрди түзүп, анын үчтөн бир бөлүгү жибек менен жабылса, аркасы эчкинин терисинен тигилген. Ханышанын күңү бут кийимди досуна белекке берип, ал өлгөндөн кийин анын үй-бүлөсү аны 18-кылымдын аягынан бери сактап келген деп болжолдонууда.